Pokémon Red Version жана Blue Version (Покемен: Кызыл версиясы жана Көк версиясы; Жапонияда Покемон: Кызыл версиясы жана Жашыл версиясы) — Game Freak тарабынан иштелип чыккан, Nintendo тарабынан Game Boy үчүн чыгарылган рол аткаруу видео оюндары. Алар Pokémon сериясынын биринчи бөлүмдөрү болуп саналат. Алар биринчи жолу 1996-жылы Кызыл жана Жашыл деген аталыштар менен Жапонияда жарыкка чыккан. "Blue" (Көк) атайын чыгарылыш катары кийинки жылдарда жарык көргөн. Андан кийинки үч жыл аралыгында алар Кызыл жана Көк деген аталыштар менен Түндүк Америкада, Европада жана Австралияда жарыкка чыккан. Pokémon Yellow (Покемон Сары) аттуу атайын чыгарылыш болжол менен бир жылдан кийин пайда болгон. Ага улай эле Game Boy Advance үчүн 2004-жылы Pokémon FireRed жана LeafGreen деген аталыштар менен Кызыл жана Жашыл чыккан.

Кызыл жана Көк сынчылар тарабынан көп оюнчуга негизделген мүмкүнчүлүктөрү үчүн, айрыкча, соода түшүнүгү мактоого алынган. Алар GameRankings боюнча 89% жалпы упайга ээ болушкан жана көп убакытка чейин мыкты оюндар тизмегинин алдыңкы саптарынан орун алып келген. IGNдин жалпы 100 мыкты оюн тизмесинде жок эле дегенде төрт жыл алдыңкылардан болгон. Оюндар дүйнө жүзү боюнча биргелешип сатуунун натыйжасында болочоктогу көп миллиарддаган франшизанын башатына негиз салган. 2009-жылы алар Гиннесс дүйнөлүк рекорддор китебине "Game Boyдогу бестселлер рол аткаруу оюну" жана "Бардык рол аткаруу оюндарынын ичиндеги бестселлер оюн" деп кирген. Оюндар франшизанын 20 жылдыгына карата эскерүү катары 2016-жылдын 27-февралында Nintendo 3DSтин виртуалдык консолунда жарык көргөн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү