Random Access Memories - франциялык Daft Punk электрондук дуэтинин 2013-жылдын май айында чыккан төртүнчү альбому. Пластинка көп сандаган биргелешкен тректердин болушу менен өзгөчөлөнөт. Альбомду жазууга көптөгөн артисттер катышкан, алардын арасында Найл Рожерс, Пол Уилямс, Жоржио Мородер, Фаррелл Уилямс, Тодд Эдвардс, DJ Falcon, Gonzales, Panda Bear жана Жулиан Касабланкастар бар. Альбом сынчылар тарабынан абдан жактырылган. Ал "Жылдын альбому", "Мыкты электрондук/бий альбом" жана "Мыкты классикалык эмес альбомдун долбоорлонушу" номинацияларында "Грэмми" сыйлыгын алган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү