SQL (ˈɛsˈkjuˈɛl; англ. structured query language — "катмарланган сурамдар тили") —берилиштер базасын башкаруу системи тарабынан жөндөгөн берилиштердин катыш базасын түзүү, башкаруу жана модификациялоо үчүн колдонулган программалоо тили.

Киришүү түзөтүү

SQL барынан мурда берилиштердин катыш базасында сакталган берилиштерди сыпаттоо, өзгөртүү жана чыгарууга багытталган маалыматтык-логикалык тил болуп саналат. SQL’ди программалоо тили деп атоого болот, ошентсе да, ал толук түринг эмес. Бирок SQL/PSM спецификалуу тилдин стандарты анын процедуралык жайылууларына жол берет.[1]

SQL башында берилиштер базасы менен иштөөнүн негизги жолу болгон жана колдонуучуга төмөнкү иш аракеттерди аткарууга мүмкүндүк берген:

  • берилиштер базасында жаңы жадыбал түзүү;
  • жадыбалга жаңы жазуу кошуу;
  • жазууларды өзгөртүү;
  • жазууларды өчүрүү;
  • жазууларды бир же бир нече жадыбалдан иргөө (белгиленген шартка ылайыктап);
  • жадыбалдардын түзүлүшүн өзгөртүү.

Убакыт өтүшү менен SQL татаалдашты – жаңы конструкциялар кошулду, жаңы сакталган объектилерди сыпаттоо жана башкаруу мүмкүндүгү пайда болду (мисалы, индекстер, көрсөтүүлөр, триггерлер жана сакталуучу процедуралар) – программалоо тилине мүнөздүү белгилерге ээ боло баштады.

SQL канча өзгөрсө да, колдонмо программалык камсыздоо менен берилиштер базасынын ортосундагы жалгыз байланыш механизми боюнча калууда. Ошол эле учурда заманбап БББСлар жана аны пайдаланган маалымат системдери колдонуучуга сурамдарды тизүүнүн өнүккөн каражаттарын камсыз кылат.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Колдонуучу милдеттери жалпы суроолор