Shoot 'em up (Баарын атып сал, shmup же STG деген аталыштар менен белгилүү) — видео оюндардын аткыч жанрынын субжанры. Shoot 'em upта оюнчу каарман жалгыз чабуулга өтөт, адатта космостук кеме менен же учакта көп сандаган душмандардын кол салуусунан буйтап өтүп олтуруп, аларга ок чыгарат. Shoot 'em up кандай элементтерден тураары жөнүндө бирдиктүү пикир жок. Кээ бири оюнду космостук кеме жана каармандын белгилүү бир кыймыл-аракеттери менен чектесе, башкалары кененирээк аныктамага токтолушуп, бутунда турган каармандарды жана ар кандай ракурстарды да кошушат. Shoot 'em up оюнчудан бачым реакцияны жана баскычтар менен душмандын кол салуу белгилерин эстеп калууну талап кылат. "Октордун тозогу" оюндарында душмандын эбегейсиз сандагы ракеталары бар.

Space Invaders.

Жанрдын келип чыгышы эң алгачкы компүтердик оюндардын бири Spacewar! оюнуна барып такалат. Ал 1962-жылы иштелип чыгып, акыр-аягы 1970-жылдардын башында оюн-зоок аркадасы болуп жарыкка чыккан. Кийинчерээк 70-жылдарда, Space Invaders жана Asteroids сыяктуу оюндар аталган жанрды кеңири жайылткан. Shoot 'em up оюндары 1980-жылдардын акырына чейин жана 1990-жылдардын башында популярдуу болгон. 1990-жылдардын ортосунда Shoot 'em up оюндары 1980-жылдардагы негизделген салттык дизайн үчүн нишалык жанр болуп калган. Андан кийин бара-бара адис ышкыбоздорго, айрыкча Жапонияда, кызмат кылган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү