Snapchat -- Стэнфорд университетинин мурдагы студенттери Эван Шпигел, Бобби Мөрфи жана Регги Браун тарабынан түзүлгөн жана Snap Inc., баштапкы Snapchat Inc. тарабынан иштелип чыккан баарлашуу жана мультимедиалык мобилдик колдонмо. Snapchat'тын негизги концепцияларынын бири - сүрөттөр жана кабарлар -- жеткиликсиз болуп калганга чейин -- бир аз убакытка гана жеткиликтүү болот. Snapchat'тын прототиби Браун жана Шпигел тарабынан Шпигелдин Стэнфорддогу сабактарынын биринин долбоору катары башталган. "Picaboo" деп башталган идея селфи колдонмосу катары жарык көрүшү керек болгон. Ал колдонуучуларга кыска убакытка чейин жана өзүнөн-өзү жок болгон сүрөттөрдү бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берген. Ошондуктан сүрөттөрдүн убактылуу табияты жеңил желпи болууга үндөп, өз ара мамилелердин бир кыйла табигый агымына басым жасаган. Кийин 2011-жылы апрелде Шпигел өзүнүн өндүрүш идеясын сабакта акыркы долбоор катары алып чыгып, анын курсташтары потенциалдык продукциянын туруктуу эмес аспектине басым жасашкан жана убактылуу сүрөттөр жөнүндөгү ойго макул эмес экенин билдиришкен. Мөрфи акырында колдонмо үчүн булак кодун жазыш үчүн долбоорго алынып келген. Ал эми Picaboo биринчи жолу 2011-жылы июлда iOS үчүн гана жарыкка чыккан. Колдонмо Snapchat деген ат менен сентябрда кайрадан чыгарылган.

Snapchat
Тип

Онлайн-сервис

Автору

Эван Шпигель

Түзүүчү

Бобби Мерфи
Френк Браун

Операциялык система

iOS, Android

Интерфейс тили

англисче, арабча, букмол, французча, немецче, итальянча, жапончо, корейче, португалча, испанча, шведче, түркчө , орусча

Биринчи чыгарылышы

сентябрь 2011[1]

Акыркы үлгүсү

9.11.0

Сайты

snapchat.com

Эван Шпигел (2013).

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Let's Chat. Snapchat Blog. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2012.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Көп кат алышуу программасы