Sonic the Hedgehog (Кирпи Соник) — Sonic Team компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана Sega Genesis консолу үчүн Sega тарабынан чыгарылган видео оюн платформасы. Оюн биринчи жолу 1991-жылы июнда Түндүк Америкада жарык көргөн, ал эми PAL аймактары менен Жапонияда кийинки айда чыккан. Оюнда Sonic аттуу адам түспөл кирпи доктор Эггманды жеңиш үчүн жолго чыкканы сүрөттөлөт. Доктор Эггман аттуу илимпоз жаныбарларды роботторго камап, сыйкырдуу Башаламандык зымырытын уурдап алган болот. Sonic the Hedgehog оюну ден соолукту калыбына келтирүү үчүн шакекчелерди чогултуудан, бир эле баскыч аркылуу секирүү менен чабуул коюу көзөмөлдөнгөн жөнөкөй башкаруу схемасынан турат.

Sonic the Hedgehog.

Оюндун үстүнөн иштөө 1990-жылы башталган. Анда Sega AM8 иштеп чыгуу тобуна компанияга бир тумар белги боло турган оюнду түзүүгө буйрук берген. Бир катар сунуштарды карап чыккандан кийин иштеп чыгуучулар башында жана омурткасында шиштери болгон көк кирпиге токтолушкан. Ал эми өздөрүн өз каарманы менен айкалышып туруш үчүн "Sonic Team" деп атап алышкан. Sonic the Hedgehog тез ойноо үчүн иштелип чыккан жана ага Сигэру Миямотонун Super Mario оюндар цикли таасир эткен. Оюндун демо версиясынын технологиясын Юдзи Нака аттуу оюн программчы түзүп чыккан. Ал жаңы технология Sonicтин спрайтына ийри пейзаждарда тоголонуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн.

Оюндун көрүнүшүнө, аудиосуна жана ойноо тактикасына карата сынчылар оң баасын беришип жакшы кабыл алышкан. Оюн 16 бит доорунда Genesisти башкы оюнчу катары түптөп, Nintendo жана алардын Super Nintendo Entertainment System консолу менен атаандаш болуусуна мүмкүнчүлүк түзүү менен каржы жагынан да ийгилик жараткан. Оюн көп жолу сатылып, бир нече көчүрмөлөрдүн, ийгиликтүү франшизалардын жаралышын жана башка медиа түрлөрүнө ылайыкташтырылышын шыктандырган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү