Sony Pictures

Sony компаниясынын америкалык телекөрсөтүү жана кино өндүрүү жана таратуу бөлүмү

Sony Pictures Entertainment Inc. (Sony Pictures катары кеңири таанымал, кыскартылып жазылганы: SPE) - бир канча платформа аркылуу сахналык кинофильмдерди, телеберүүлөрдү жана жаздырылган видеолорду чыгарган, сатып алган жана жайылткан америкалык зоок компаниясы. Музыка жана тасма чыгаруучу Sony Corporation компаниянын Sony Entertainment энелик компаниясынын туундусу катары иш жүргүзөт. Ал Калвер-ситиде (Калифорния) жайгашкан жана Sony компаниянын тасма, телевизиондук өндүрүү жана жайылтуучу бөлүктөрүн камтыйт. Маалыматтарга карата, компаниянын сатуулары 2015чи бюджеттик жылы боюнча (2015-жыл апрель - 2016-жыл март) 8,3 миллиард долларга жеткен.

Sony Pictures Голливудтун ири тасма студияларынын бири болуп саналат жана Америка кинокомпаниялар ассоциациясынын мүчөлүгүнө кирет.

Sony Pictures чыгарган тасмалар: "Каратист бала" (англ. The Karate Kid), "Арбак аңчылары" (англ. Ghostbusters), "Жөргөмүш адам" (англ. Spider-Man), "Кара кийимчен адамдар" (англ. Men in Black), "Тозок" (англ. Underworld), "Жалаңкычтын турагы" (англ. Resident Evil), "Роберт Лэнгдон" (англ. Robert Langdon), "Смурфтар" (англ. The Smurfs) жана башкалар.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү