Swift - көп парадигмалуу, компилденүүчү, жалпы максаттуу ачык программалоо тили. Apple компаниясы тарабынан биринчи кезекте iOS жана macOS иштеп чыгуучулары үчүн түзүлгөн. Cocoa жана Cocoa Touch фреймворктору менен иштейт. Objective-C менен жазылган Apple'дын негизги код базасы менен айкалышат. Swift өзүнөн мурдагы Objective-C'ден оңой окулган жана программачынын каталарына туруштук берген тил болот деп ойлонуштурулган. Swift менен жазылган программалар Xcode 6 интеграцияланган иштеп чыгуу чөйрөсүнө кирген LLVM'дин жардамы менен компилденет. Swift Objective-C рантаймын колдоно алат. Бул бир программанын алкагында эки тилди тең (С'ни дагы) колдонууга жол берет.

Тарыхы түзөтүү

Сыпатталышы түзөтүү

Swift Objective-C'нин көп өзгөчөлүгүн алган. Бирок ал көрсөткүчтөр менен эмес, компилятор иштеткен өзгөрмөлөрдүн типтери менен аныкталат. Мындай принцип менен көптөгөн скрипт тилдер иштейт. Ошол эле учурда, ал иштеп чыгуучуларга мурда C++ менен Java'да гана жеткиликтүү болгон аныкталуучу аталыш, жалпылоо жана операторлорду которуп жүктөө сыяктуу көптөгөн функцияларды камсыз кылат.

Тилдин айрым функциялары башка тилдердегиге караганда ылдамыраак аткарылат. Мисалы, татаал объектилерди сорттоосу Python'го караганда 3,9 эсе, Objective-C'ге караганда дээрлик 1,5 эсе тезирээк.

Swift'те жазылган код C жана Objective-C программалоо тилдеринде жазылган коддор менен бир эле долбоордун алкагында иштей берет.

Шилтемелер түзөтүү