Калемкаш Атамкулова

Атамкулова Калемкаш‎»‎ барагынан багытталды)

Атамкулова Калемкаш (12. 3. 1933-ж. т., Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы) - театр артисти, КРнын эл артисти (1993). Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Театр искусствосу институтун бүтүргөн (1963). А. Куттубаевден таалим алган. 1963-93-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында, 1993-жылдан Республикалык жаштар театрында иштеген. Атамкулова Калемкаш орус, дүйнөлүк, улуттук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, каармандарынын образын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө алган. Аткарган ролдору: Жамал (К. Жантөшев, «Каныбек»), Агафия Тихоновна, Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Эмилия (У. Шекспир, «Отелло»), Эне (Ж. Садыков, «Табалды Пудовкин»), Кадича, Тотой, Көктурсун (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», «Кыямат»), Эне (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала») ж. б. Медалдар м-н сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1