Атанаев, Токтосун Бегалиевич

Атанаев, Токтосун Бегалиевич - окумуштуу, педагог. 1954-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылында туулган.

  • 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн.
  • 1980-жылдан 1986 жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик медицина институнда физика жана биофизика кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 1986-1990 - жылдары Москва шаарында Н.И.Пирогов атындагы 2-Медициналык мамлекеттик институтун биофизика кафедрасында максатту аспирантураны аяктап, биология илиминин кандидаттык даражасына ээ болгон. 1990-жылдан 1995-жыл ноябрь айына чейин Кыргыз Мамлекеттик медицина институнда физика жана биофизика кафедрасынын окутуучусу, андан кийин доценти болгон.
  • 1995 - жылдын ноябрь айынан 1996-жылдын август айына чейин Нарын шаарында Кыргыз архитектура курулушу институтунун филиалынын директору,ал эми 1996-жылдын август айынан баштап Нарын мамлекеттик университеттинде кафедра башчы болуп эмгектенген.
  • 1998-2001-жылдары КУУнун ИГУСИ институтунун филиалынын директору.
  • 2001-2005-жылдары НМУнун сырттан окуу бөлүмү боюнча проректору.
  • 2007-2008-жылдары университеттеги окуу бөлүмүнүн башчысы.
  • 2008-жылдан университеттин окуу боюнча проректор болуп иштеген.

Учурда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окуу маселелери боюнча проректор.