Атантай жоомарт, Xатамтай - көбүнчө чыгыш элдеринин фольклорунда кезиккен фольклордук каарман. Кыргыздарга «Миң бир түн» жомогу аркылуу өтүп, анын аты да, окуялары да эл арасында төл чыгарма катарында сиңип кеткен деген пикирлер бар. Кандай болгондо да кыргыз эли бул каарманды өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша жан-дүйнөсүн, адамдык касиет-сапатын кайрадан жаратып, анын атын, кулк-мүнөзүн карапайым адамдардын турмушуна жакындаштырган. Натыйжада малга жарды, бирок пейили кенен, бей-бечарага, жетим-жесирге кайрымдуу, март, ак көңүл Атантай жоомарттын образы кылымдар бою айкөлдүктүн, берешендиктин үлгүсү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1