Атрезия (а... жана tresis - тешик) - түтүк түрүндөгү органдардагы (толто, өпкөнүн кызыл кан тамыры, кекиртек, кызыл өңгөч ж. б.) табигый тешиктердин же жылчыктардын жоктугу.

Атрезия тубаса жана айрым оорулардан (күйүктөй) пайда болот. Пайда болуу процесстери татаал органдардын арасынан кызыл өңгөчтүн, көтөн чучуктун, толгонун (аортанын) жана заара, жыныс түтүкчөлөрүнүн Атрезиялары тубаса түрүндө көп учурайт. Толто ж. б. кан тамырлардын Атрезиясы адамды узак жашатпайт. Атрезия, жаңы төрөлгөн балдар үчүн өтө опурталдуу. Аны айыктырууда хирургиялык операция колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.