Ат-Башы, суу сактагычНарын районунда. Нарындын сол куймасы Ат-Башы суусунун нугунда курулган. Суунун чатынан гидротүйүнгө чейинки узундугу 4,6 км. Энергетикада пайдаланылат; суу агымын жума сайын жөнгө салып турат.

1970-жылдан убактылуу, 1974-жылдан биротоло иштей баштаган. Узундугу 7 км, эң жазы жери 230м, эң терең жери 42м, суу толгондогу аянты 0,457км. Суунун запасы 9,6млн м. Плотинасынын эң бийик жери 79м, узундугу 55м. Суунун жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында таманына бүт полиэтилен пленкасы (калың дыгы 0,6мм), төшөлгөн.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү