Аудиенция (лат. audientia - угуу, кабыл алуу) - эл аралык укукта ишеним жана чакыруу грамоталарын тапшырган же башка учурда мамлекет башчысынын дипломатиялык өкүлдү кабыл алышы.

1815-ж. Веналык жана 1818-ж. Аахендик протоколдор боюнча, Аудиенциядан элчилер гана пайдалана алышат; башка рангадагы өкүлдөрдүн мындай укугу жок. Посол мамлекет башчысынын гана өкүлү деп эсептелгендиктен, ал дайындалган мамлекет башчысынан өзүн кабыл алууну талап кылууга толук укугу бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.