Мусакун Ахматбеков

Ахматбеков Мусакун‎»‎ барагынан багытталды)

Ахматбеков Мусакун – айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, К.И.Срябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын башчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Ахматбеков Мусакун – 1947 жылы Нарын облусунун, Нарын районунун Калинин айылында (азыр Орток) туулган. Улуту кыргыз.

  • 1963 жылы  Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектепти аяктаган.
  • 1968- жылы К.А. Тимирязов атындагы Москва айыл чарба академиясынын агрономия факультетин бүтүргөн.
  • 1968-1969 жылдары жолдомо менен Карасу айылындагы пахтачылык боюнча тажрыйба-селекциялык станциясында агрохимия лабораториясынын жетекчиси.
  • 1969-1970 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.  
  • 1970-1972 жылдары Кант – кызылчасы боюнча тажрыйба – селекциялык станцияда улуу илимий кызматкер.
  • 1972-1975 жылдары Кыргыз  айыл –чарба институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1975-1983 жылдары Кыргыз айыл – чарба институтунун агрохимия кафедрасынын ассистенти.  
  • 1980 - жылы аыл чарба илимдеринин кандидаты. Темасы: “Чүй өрөөнүнүн ачык – шалбалуу топурагындагы кант кызылчасынын которуштуруп эгүүдөгү күздүк буудайды азыктандыруу системасы”.
  • 1981- жылы  доцент наамын алган.
  • 1983-1984 агрономия факультетинин деканынын орун басары.
  • 1984-1987 институттун даярдоо бөлүмүнүн башчысы.
  • 1987-1995 агрохимия кафедрасынын башчысы.
  • 1995-1997 кафедранын докторанты.
  • 1997 -2000 доцент кафедры.
  • 2000-2002 агрономия факультетинин деканы
  • 2000 айыл чарба илимдеринин доктору. Темасы: “Кыргызстандын боз – шалбалуу топурагындагы күздүк буудайдын азыктануусун оптималдаштыруу”
  • 2002- жылы профессор наамын алган.
  • 2001-2009 жылы агрохимия кафедрасынын профессору
  • 2009 жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын башчысы.
  • 2000-2007 Кыргыз Ркспубликасынын Улуттук (азыр жогорку) аттестациялык комиссиясынын эксперти.
  • 2007-2015 Кыргыз Республикасынын жогрку аттестациялык комисиясынын президиумунун мүчөсү.
  • 2017-жылы агрономия адистиги боюнча докторлук (кандидаттык) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин төр агасы.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Агрохимия илимдер тармагындагы белгилүү окумуштуу. Анын кызыкчылыгында өсүмдүктөрдүн топурактагы азыктануусунун агрохимиясы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азыктануу системасы, агрохимиянын экологиясы, элементтердин, анын ичинде макро (NPK) жана микро элементтердин агрохимиясы, агрохимиялык изилдөөлөрдүн методикасы топурак жана өсүмдүк диагностикасы кирет.

Негизги илимий-методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Семирткич жана күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү, Монография, Б. ОсОО “Реформа”, 1999,- 120 б.
  2. Күздүк буудайдын жогорку түшүмдүүлүгүнүн агрохимиялык негиздери. Б. Турар,  2003, - 367 б.
  3. Кыргызстандагы кызылча которуштуруп эгүүдөгү  өсүмдүктөрдүн азыктануу системасынын илимий негиздери. Б.Турар, 2008,-479б.
  4. Кант кызылчасынын, жүгөрүнүн, нокоттун, күздүк буудайдын, жаздык буудайдын, күздүк арпа, буурчактын агротехникасы. Сунуш. Буклет. Б. Тип. AЧM, 2004 – 70б.
  5. ”Азыктануу жана өсүмдүктөрдүн семирткичи” сабагы боюнча лабораториялык иштерге методикалык колдонмо (окуу куралы) Б. Кут-Бер, 2008, - 67 б.
  6. “Айыл чарба азыктарын өстүрүүнүн негиздери” сабагына методикалык колдонмо (окуу куралы) Б. Кут-Бер, 2014, 60б.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 1983 жылы  Кыргыз ССР инин Жогорку кеңешинин Грамотасы.
  • 2008 жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.

Проф. М.А.Ахматбековдун жетекчилиги менен корголгон диссертациялар түзөтүү

Эшимкулова Гульмира Фронтбековна “ Кыргызстандагы Чүй өрөөнүндөгү боз – шалбалуу топурагында жаздык арпага колдонулуучу жер семирткичтердин натыйжалуулугу. 2011.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1