Ахматов Токтосун Керимбаевич

Ахматов Токтосун Керимбаевич - (21. 12. 1929-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы), тилчи, филология илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), КРнын УИАсынын корреспондент мүчөсү (1984). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери (1982). Кыргыз тилинин фонетикасы (өзгөчө эксперименталдык фонетика), лексикологиясы, стилистикасы боюнча көрүнүктүү адис. Каракол шаарындагы педагогика окуу жайын (1947), Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. КМУнун кыргыз тили кафедрасында доцент, улук илимий кызматкер-докторант, профессор, кафедра башчысы (1957-1990), 1990-жылдан КРнын УИАсынын Тил илими институтунда сектор башчы, 1998-2005-жылдары директор. 250дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинен мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери бар. «Кыргыз тилинин Талас говору» (1959), «Азыркы кыргыз тили» (1978), «Кыргыз адабий айтымынын негиздери» (2000), «Кыргыз адабий тилинин нормалары» (2003) жана башка эмгектеринде кыргыз тилинин фонетикасы, тыбыштарды эксперимент жолу менен изилдөө, диалектология, орфоэпия, адабий тилдин нормалары, адабий айтым, стилистика боюнча маселелер иликтөөгө алынган. Медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1