Хадича Ахметова

Ахметова Хадича‎»‎ барагынан багытталды)

Ахметова Хадича - (30. 5. 1902, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары - 11. 2. 1989, ошол эле жерде), педагог. Каракол шаарындагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918-19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915-18). 1920-53-жылдарда Кыргызстандын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу педагогика окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940-46). Ал эл агартуу ишине сиңирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1