Ашкеназдар, ашкиназдар - еврейлердин этностук тобу. Саны 9 млн адам (2004). Идиш тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү иудаизм динин тутушат. Ашкеназдар 1-2-миң жылдыкта роман, арамей жана славян тилдүү еврей улуттарынын негизинде Рейндин ортоңку алабында, Дунайдын жогорку жана чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 12-15-кылымда ашкеназдардын негизги бөлүгү Польша жана Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилдүү кенаиттер тобу менен ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыцианер (Галицияда), волын-подолдук жана валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) жана башка субэтностук топторго бөлүнөт. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара түстүү баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-көк түстөгү атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын жана бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. Ашкеназдардын тукумдары Израилде 50% жана диаспордогу еврейлер 80% ти түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1