Ашуу-Төр мөңгүсү

  • Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 3,4 км2. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4140 м, этеги 3370 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3790 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. «Тилинин» этегин мореналар жаап (3370 мге чейин) жатат. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу (Аламүдүндүн башы) башталат.
  • Бешкөл мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги арта салма мөңгү. Уз. 3,5 км, аянты 3,6 км2. Чоң Кызылсуунун куймасы Ашуутөрдүн башында. 1914-ж. чейин чыгыш жагындагы өрөөн мөңгүсү менен татаал бир мөңгүнү түзүп турган. Азыр алар морена жалчасы менен бөлүнөт. Мөңгү эң кейиштеп барып учтуу шынаа сымал ныкталган «тили» менен аяктайт. Мөңгүнүн негизиндеги жылышуу ылдамдыгы жылына 9,8 мге, төмөнкү бөлүгүндө 3,4 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 3250 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 3850 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу (Чоң Кызылсуунун куймасы) башталат.
  • Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы арта салма тибиндеги мөңгү. Сарычат суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн экинчи бөлүгү Кызылсуунун алабында (Тескей Ала-Тоонун түндүк капталы) жатат. Уз. 4,1 км, аянты 7,7 км2, абляция облусунун аянты 3,0 км2. Көлөмү 0,77 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4960 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Фирн облусу Кызыл-суу чокусунун батыш жана түндүк-батыш капталдарынан башталат. Мөңгү аркылуу Ысык-Көлгө кетүүчү ашуу өтөт. Андан агып чыккан суу Сарычат суусуна куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү