Ашыкча кошумча нарк - салыштырма кошумча нарктын бир түрү. Айрым ишканаларда жаңы техниканы жана сарптоо чыгымдарын кескпн азайтуучу жаңыча ыкмаларды өндүрүшкө кийирүүнүн натыйжасында пайда болот. Жакшыртылган техника жана эмгекти жаңыча үнөмдүү уюштуруу ыкмалары ошол өндүрүш тармагынын көпчүлүк ишканаларында өздөштүрүлгөндө ашыкча кошумча нарк алуу жоюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1