• 87-сүрө

А'лаа сүрөсү (1) Эң жогоркуОңдоо

  • Меккеде түшүрүлгөн. 19 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
  • 2. Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган.
  • 3. Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолунда) багыттаган.
  • 4. Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
  • 5. андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
  • 6. (О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
  • 7. Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында. Ашкере жана купуя нерселерди билет.
  • 8. Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз. (2) Ислам дини
  • 9. Эми, насаат пайд берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын.
  • 10. (Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
  • 11. Шордуу адам болсо андан качат.
  • 12. Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
  • 13. Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
  • 14. Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
  • 15. Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса (-ийгиликке жетти)
  • 16. Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
  • 17.Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
  • 18. Чынында, бул (айткандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
  • 19. Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.