Аэрономия (аэро... жана грекче nomos - закон) Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атмосферанын физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физикалык жана химиялык кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атмосферадагы температураны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) жана башканы изилдейт. Атмосферадагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы жана космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоң роль ойнойт. Аэрономия 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү - Жердин үстүнкү атмосферасын изилдеген англиялык Д. Р. Бейтс жана бельгиялык М. Николе болгон. Аэрономиянын милдети - аталган маселелерди изилдөө менен бирге алардын себептерин түшүндүрүү. Аэрономия эсептерин чыгаруу үчүн математикалык ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу жана нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1