Аюудаг, (түрк.- Аюу-Тоо) - Крымдын түштүк жээгиндеги тоо массиви жана тумшук. Узундугу 3 кмдей, бийиктиги 572 мге чейин. Капталында дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Түштүк-батыш этегинде климаттык «Артек» эс алып, дарылануучу жай (мурда Артек пионер лагери) жайгашкан.

Аюудаг.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1