А секко, фреско а секко (италянча a secco – кургак жол м-н, кургак; «а сэкко», «фреско а сэкко» деп айтылат) – кургап калган катуу акиташ шыбагынын үстүндө аткарылган а фресконун техникалык бир түрү. А с. ыкмасы менен аткарылуучу иштер акиташ менен сырды аралаштыруу жолу менен да жасалат жана ишти баштаганга чейин керек б­олгон түс даярдалып коюлат. Шыбактын үстүн алдын ала суулап алышат. Таза фреска сыяктуу эле А с. ыкмасы менен тартуу да бөлүк-бөлүк болуп аткарылат жана бириктирүүчү линиялар болбойт. Лессировкаларга бул техника колдонулбайт. А фреско живописинин 2 түрү бар: 1) бириктирүүчү заттар кошулбаган, сууга эзилген күкүм боёктор м-н; 2) бир эле учурда агарткыч катары колдонулган өчүрүлгөн акиташты пайдалануу м-н. Биринчи ыкмада жеңил, тунук, акварелге окшоп боёк катмары, экинчи ыкмада – корпустук живопись бир аз агыш тарткан белгилери б-ча гуашка жакын нерсе алынат. А фреско сүрөттөрүнө сүрөттү бөлүктөргө бөлүп тартуудан калган ушул бөлүктөрдүн чектерине, ошол бөлүктөрдүн чектерин билгизген издер, б. а., бириктирүүчү тилкелер жана шыбакта тартылган сүрөттүн линиялары – прористер мүнөздүү (бирок дайыма жана милдеттүү түрдө эмес). А фреско техникасынын артыкчылыгына анын тез аткарылышы, түстүк түрлөрдүн жеңилдиги жана көркөмдүгү, ошондой эле сүрөттү шамал, жаан, күн тийбеген, температуранын кескин өзгөрүлүшү күтүлбөгөн имараттын ичинде сактоо шартында боёктордун) сапаттарынын чыдамдуулугу, туруктуулугу кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү