Мусабек Бошкоев

БОШКОЕВ Мусабек‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны түзөтүү

Мусабек Бошкоев 1905-жылы Ысык-Көл облусунун, Түп районуна караштуу Сары-Толгой айылында туулган.

1933–35-жылдары Ташкендеги Орто Азия марксизм-ленинизм курсунда окуган.

1943-жылы Ивано-Вознесенскийдеги аскердик-саясий окуу жайын бүткөн.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1935-жылдан Ош облусунун Кара-Суу пахта тазалоочу заводунда кадрлар боюнча бөлүм башчы.

Куну тери союзунун кыргыз конторасында инспектор, директор болуп иштеген.

Дан азык даярдоо кыргыз конторасында уполномочен, 1938–39-жылдары Тянь-Шань округдук аткаруу комитетинде жооптуу катчы, Кыргызстан КомПартиясынын Тогуз-Торо райкомунун 1-катчысы, партиянын Тянь-Шань округдук комитетинде бөлүм башчы.

1939–41-жылдары Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун II, I катчысы болуп иштеген.

1942–43-жылдары Токмок шаарындагы 107-кавалериялык дивизиясында – комиссар, Фрунзе облусундагы эмгекчилер депутаттарынын Сталин райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1944-жылдан Талас облустук аскер комиссариатынын начальниги, 1946–48-жылдары Кыргызстан КомПартиясынын Чүй райкомунун I катчысы, 1948–50-жылдары Ысык-Көл облусундагы Ново-Вознесеновка аткаруу комитетинде төрагынын орун басары жана облпромсоюздун төрагасы болгон.

1950–54-жылдары Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл айыл чарба башкармасында капиталдык курулуш бөлүмүнүн начальниги, 1954–55-жылдары Ысык-Көл облустук айыл жана колхоз курулуш башкармасынын начальниги, 1955–58-жылдары Түп районундагы Ленин атындагы башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 1975-жылы дүйнєдєн кайткан.

Сыйлыктары түзөтүү

  • “Ардак Белгиси”, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия.-Б., 2009