БУУ эларалык соту
БУУ эларалык соту – БУУнун 6 башкы органдарынын бири жана ушул уюмдун башкы сот органы. 1945-жылдын 26-июнунда кол коюлуп, 1945-жылдын 24-октябрында күчүнө кирген БУУ эларалык сотунун статуту БУУ уставынын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Сот анын статутуна ылайык өз аттарынан чыгуучу 15 соттон турат. Сот тарабынан каралган иштердин тараптары мамлекет гана боло алат. БУУ Э. с-нун юрисдикциясы ар бир конкреттүү ишке карата талашкан тараптардын атайын макулдашууларына байланыштуу, болбосо мамлекеттин ушул органдын юрисдикциясын кабылдоосу жөнүндө билдирүүсүнөн улам пайда болот. Жайгашкан жери – Гаага (Нидерланддар).
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|