Бавария советтик республикасы

Бавария советтик республикасы - Улуу Октябрь социалисттик революциясынын таасири менен Германияда кулач жайган революциялык жалпы жогорулоонун кырдаалында 1919-ж. 13-апрелде Баварияда түзүлгөн.

Солдук-радикалдуу кыймылдардын желеги

1919-ж. 1-майда кулаган. Германиядагы Ноябрь революциясы-нан (1918) кийин бийликке келген оңчул ("көз каранды эмес") социал-демократтар көтөрүлүп келаткан революциялык кыймылды басаңдатуу максатында гана Бавария советтик республикасын жарыялап коюшкан.

Бавариянын картасы

Чындыгында алар эмгекчилердин абалын жакшыртуу, контрреволюциячыл күчтөрдү басуу үчүн чара көрүшкөн эмес. Чыныгы советтик республика Мюнхенде 13-апрелде пайда болгон. Анын башында коммунисттер турган. Бул республиканын өкмөтү ишканаларда жумушчу контролун койгон, буржуазияны куралсыздандыруу, Кызыл Армия түзүү сыяктуу революциячыл чараларды көргөн. Бирок Бавария коммунисттеринин дыйкандар менен жумушчу табын союздаш кыла албаганы, ички контр-революцияга каршы чечкиндүү күрөшө албаганы контрреволюциячыл аскерлердин 1919-ж. 1-майда Мюнхенге басып киришине жана Бавария советтик республикасынын кулашына алып келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.