Баварлар - (лат. Baiovari, Baiovarii) герман уруусу. Дунайдын жогору жагында, Альпы тоолорунун этегинде, азыркы Жогорку Австрия, Зальцбург, Жогорку жана Төмөнкү Бавария, Тиролдун айрым жерлеринде жана башка жерлерде жашашкан. Баварлар аталышы маркомандар жана кваддар жашаган байыркы Богемия (азыркы Чехия) менен байланыштуу. Баварлар алгач гот тарыхчысы Иордандын (6-кылымдын ортосу) эмгектеринде кездешет. 6-кылымдын башталышында лангобарддардын бийлиги астында болгон, 534-жылы франктар каратып алган, 6-кылымдан Бавария герцогдугу катары белгилүү. 7-8-кылымда Баварлар христиан динин кабыл алышкан. Бавардын коомдук түзүлүшүн окуп үйрөнүүдө негизги булак катары «Бавар чындыгы» (740-жыл) эсептелет. Анда Рим укук нормаларынын, вестгот, алеман жана франк укуктарынын таасири чагылдырылган. Баварлар немец жана австрия элдеринин негизги компоненттеринин бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү