Багдат пактысы - Жакынкы Чыгыш менен Түркиянын тышкы саясатында 1955-1959-жылдары маанилүү роль ойногон келишим. Ал Түркия, Иран, Пакистан жана Англиянын ортосунда түзүлгөн.

1958-жылы Иракта төңкөрүш болуп, падышасы тактан кулагандан кийин 1959-жылы Ирак пактыдан баш тартат. Андан соң борбору Багдатта жайгашкан бул уюм аты « Борбордук Конвенция уюму » деп өзгөртүлүп, Анкарага көчүрүлөт. Багдат пактысы 1955-жылы февраль айында Түркия менен Ирактын ортосунда түзүлгөн «Эки тараптуу кызматташуу келишиминен» кийин негизделген. Бул келишим арап өлкөлөрүнө жана бул аймактын коопсуздугуна жана тынчтыгына кызыктар болгон бардык өлкөлөргө белгилүү болгондуктан, кийинчерээк Иран, Пакистан жана Англия да бул келишимге кол койгон. АКШ болсо бул келишимге байкоочу деген статус менен кирген. Ушул келишимдин негизинде Багдат пактысы пайда болгон. Бирок калган арап өлкөлөрү бул пактыга кызыктар болгон эмес, атүгүл каршы чыгышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9