Бадараяна

Бадаряна‎»‎ барагынан багытталды)

БадарянаБайыркы Индиянын философу. Ведантанын негиз салуучусу.

Бадаряна жашаган учурун б. з. ч. 3–2-кылымына таандык дешет. Бадаряна негизги эмгектери болуп «Брахмастра» же болбосо «Веданта –сутра», «Шарирака-миманса», «Уттара-миманса» саналат. Бадаряна Упанишадаларды системалаштырган жана анын идеяларын жактаган, Брахманды жогорку чындык катары жана ааламдын жаралуусун монистикалык көз карашта кабыл алат.

Анын чыгармаларынын бай мазмуну байыркы Индиянын философиялык мектептеринин маңызы жөнүндө кабар берет (санкхья, вайшешика, буддизм, жайнизм).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедия окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14020-8