Шамши Базарбаев

Базарбаев Шамши‎»‎ барагынан багытталды)

Базарбаев Шамши (1937, Жалал Абад аймагынын, Сузак ройонун , Долонобашат айылы -2004, Ош шаары) – философия илимий доктору (1998), профессор (1993). 1963-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1974–98-жылдары Ош мамлекеттик универстетинде кафедра башчысы, педагогика жана тарых факультеттеринин деканы, 1998-жылдан универстеттин сырттан окуу боюнча проректору. Ал 100дөн ашык илимий эмгектин жана 4 монографиянын автору. Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн “Рухий маданияты жана дин” (1995), “Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы” (2001) аттуу эмгектери жарыкка чыккан. Кыргыз ССРинин элге билим берүү отличниги (1984), Кыргыз Республиканын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2001). Негизинен чыгармачылыгы Дин жана үй-бүлө. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1972; Образ жизни и атеистические воспитание Фрунзе, “Кыргызстан”, 1990; Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы Ошто өкүлү.Ош аймагынын басмаканасы, 2001 жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил энциклопедия борбору. Философия энциклопедия окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14020-8.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1