Базаров, Геннадий Садырович

Базаров Геннадий Садырович (14-май 1942, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы — 5-февраль 2023) — кинорежиссёр, сценарист. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы "Саманчы жолу" (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), "Көчө" (1973; М. Гапаров), "Биринчи" (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), "Көз кареги" (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974). "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" деген повесттери чыккан, Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук "Альтернатива" программасын алып барган. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Геннадий Садырович Базаров
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Геннадий Садырович Базаров
Туулган датасы: 14-май 1942
Туулган жери: Ат-Башы айылы, Ат-Башы району, Кыргызстан
Өлгөн күнү: 5-февраль 2023
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: кинорежиссёр, сценарист

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.