Базар-Турук кыштагы
Базар-Турук кыштагы - Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаңарык айыл өкмөтүнө караштуу. Базартурук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2470 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кышаарынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 135 км. Калкы 1477 (2005); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1