Бегалы Байбулатов

Байбулатов Бегалы‎»‎ барагынан багытталды)

Байбулатов Бегалы (1906, Ысык-Көл облусу, Каменка айылы–1981) – тарых илимийинин доктору (1968).

Өмүр баяны түзөтүү

ВКП (б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педогогика институтун (1947) бүтүргөн.

Кыргызстан КП(б) обкомунда үгүтчү, райкомдун катчысы, бөлүм башчы, Эл комиссарлар советинин радиокомитетинин төрагасы, Жалал-Абад мугалимдер институтунун директору, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери болуп иштеген.

200дөн ашык илимий эмгектин, атайын илимий 4 монографиянын автору.

Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын изилдөөгө багытталган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003