Башбаракты ачуу

Байгазиев, Советбек Орозакун уулу

Байгазиев Советбек Орозакун уулу (1.5.1946-ж. т., Жумгал району, Кайырма айылы) — Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998), адабият изилдөөчүсү, сынчы, публицист, жазуучу, педагог-усулчу,филология илимдеринин кандидаты (1984), профессор (1995).
1969-ж. КМУнун филология факультетин бүткөн.
1971- жылдан Кыргыз мамлекеттик радиотеле комитетинде редактор, "Кыргызстан маданияты" газетинде кабарчы, Кыргызстан ИАда илимий кызматкер, Кыргыз педагогикалык илимий изилдөө институтунда сектор башчысы, директордун орун басары, 1993-жылдан И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин проректору.
130дан ашык илимий макаланын, 10 китептин автору (12 китепке авторлош). "Менин боз торгоюм" (1970) аңгемелер жыйнагы, "Кайдасың Асан кайгы" повесть-эссеси, "Иниме кат", "Атуул жана Ата Журт", жана башка публицистика, "Жаны мүнөздөр, жаңы конфликтер", "Калем изи" жана башка адабий-сын макалалар жыйнактары чыккан. Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.

АдабиятОңдоо

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.