Байкал - Амур Магистралы (БАМ) - Байкал көлү менен Амур дарыясынын ортосундагы ири темир жол курулушу.

Бул Чыгыш Сибирь жана Ыраакы Чыгыштагы Транссибирь магист-ралына жарыш курулуп, Иркутск, Чита, Амур областтарынын, Хабаровск крайынын жана Бурят АССРинин аймагын кесип өтөт. Магистралдын долбоордогу уз. 3150 км. Тайшет - Усть-Кут жана Комсомольск-на-Амуре - Советтик Гавань линияларына туташтырылат. БАМ трассасынын негизги курулуш пункттары: Усть-Кут, Нижнеангарск, Чара, Тында, Ургал жана Комсомольск-на-Амуре. Курулуш өлкөнүн табияты катаал аймактарында жүргүзүлүүдө. БАМдын курулушу - өлкөнүн чыгышындагы аймактын өндүрүштүк ири комплексинин алгачкы башталышы.

Трасса өтүүчү, ага жакын жер көп жыл бою изилденип, ири кен байлык запастары (таш көмүр, темир, жез, калай ж. б. ) табылды. Магистраль ар түрдүү жаратылыш районун аралап кетет. Жол өтүүчү тилкенин дээрлик бардыгы интенсивдүү тектон. кыймылда /эртедир-кечтир жер титиреши ыктымал.. Мис, 1957-ж. 27-июнда 10 баллга жеткен жер титирөөдөн Удокан тоо кыркасы 1-1, 5 м ордунан жылып, Намаракит ойдуңу 5-6 м чөгүп кеткен. Трасса өтүүчү территорияда түбөлүк тоң орун алып, тоо кыркаларынын чокуларында калыңдыгы 1000 м ден ашат. Тоо арасындагы ой-дуңдарда кышкысын температура 60° ка чейин төмөндөп, жылдын жылуу мезгилинде 35-38° жогорулайт. Тоого кар калың түшүшүнөн жыл бою көчкү жүрүү коркунучу туулуп, ал айрыкча Кодар, Удокан, Түндүк жана Түштүк Муйск, Эзоп ж. б. тоо кыркаларында даана байкалат. Ошондуктан бул жерлерде долбоорлоо-изилдөө ишин жүргүзүү оңой болбогондугу, ошондой эле алгачкы куруучулардын алдында катаал шартта жооптуу милдет тургандыгы белгилүү. БАМ жети ири тоо кыркасын, бир нече чоң дарыяны басып өткөндүктөн, айрым өткөөлдөргө тешкен тоо жана көпүрө, 60тан ашык айыл-кыштак жана шаар курулмакчы. Бирок мурда трассада бир да шаар же ири өнөр жай борбору болгон эмес. Бул курулуш болжол менен он жылдын ичинде аяктайт, жолдун утуру бүткөн бөлүгү пайдаланууга бериле берет. БАМды куруу бүткүл элдик ишке айланып, өлкөнүн булуң-бурчунан атайын комсомолдук отряддар барууда, анын ичинде Кыргызстандын жаштары да бар. Кыргыз эмгекчилери БАМдын Вельбеткан т. ж. станциясын курууну шефке алган. Азыр республиканын долбоорлоо жана курулуш уюмдары станциянын ар кандай курулушунун долбоорлоо-изилдөө жумуштарын аяктоо алдында. Жаңы темир жол Чыгыш Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын экономикасын өйдөлөтүүгө гана жардам бербестен, жалпы өлкөнүн экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүшүнө, коммунизмдин материалдык -техникалык базасынын түзүлүшүнө да көмөктөш болмокчу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.