Байпак — бут кийимдин бир түрү.

Колго түйүлгөн жүн байпак

Байпак маасы, өтүк, ботинка, туфли сыяктуу бут кийимдердин ичинен кийилет. Мурда Байпактын сыртынан чарык да тартынтышчу Совет бийлигине чейин Байпакты жүндөн кийиз түрүндө, жүн жиптен түйүп жана теридей жасашчу. Кийиз Байпак кадимки кийиз жасаган ыкмада даярдалчу. Жүндү абдан жука, туюк уютуп, басып бытырат. Кийиз жылуу жана бышык болот. Тери Байпак тонго даярдалган тайкы жүндүү теридей да жасалчу. Азыр текши түймө Байпак кийишет. Кийиз, тери Байпак сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.