Канай уулу Байтик

Байтик Канай уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Байтик Канай уулу, Байтик баатыр (болжол менен 1820, Чүй өрөөнү 1886, Чүй өрөөнү, өзүнүн кыштоосу, азыркы Байтик өрөөнү) солто уруусунун чоң манаптарынын бири. 1860-жылдардын башында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башчыларынан. Жаш кезинде атасынын Таластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн. Таластан кайтып келгенден кийин, тың чыккан Байтик Чүйдөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы менен өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Пишпектин үстүндөгү Басбөлтөктү жердеп турган. Бийлигин бекемдөө үчүн Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан сарбагыш уруусундагы чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыкоозду (Балык Кумар уулу) өзүнө чакыртып алган. Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылбаган элге Балыкооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп маселелерди аны менен кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган. Байтик 1860-ж. Кокон ханы тарабынан дайындалган, элге зордук-зомбулугу күч алган Пишпек чебинин беги Рахматулланы солтонун Дуулат, Көкүм жана Чойбек баатырларынын жардамы менен өлтүргөн. Чүй өрөөнүндөгү саясий кырдаалды туура баалаган Байтик жигиттери менен Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы Г. Колпаковскийге жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө ага кеминдик сарбагыштардын чоң манабы Жантай жардамдашкан. Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити менен Россиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя ата, Мерке, Чымкен чептерин бошотууга катышкан. Олуя атада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган. Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россия империясынын карамагына өтүүсүнө жана Россия менен Кыргызстандын байланышын чындоого түздөн-түз салым кошкон. 1867-ж. солто, сарбагыш, саяк ж. б. кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр Пнин кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясына кылган кызматы үчүн Байтике аскердик капитан даражасы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени жана каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4