Турдукан Бакиева

Бакиева Турдукан‎»‎ барагынан багытталды)

Бакиева Турдукан - 1942-жылы 15-апрелде Жалал-абад облусунун Сузак районунун Тейит айылында туулган. Мектепте окуган жылдары 8-классты Домор айылындагы мектепти бүтүрүп, ал эми орто мектепти Барпы айылындагы Крупская атындагы орто мектебинен аяктаган.1966-жылы Фрунзедеги медициналык институтту бүтүрүп, балдар дарыгери адистигине ээ болду. Ошол жылы биринчи эмгек чыйыры Оштогу балдар ооруканасында дарыгер болуп иштөө менен башталды.

1967—1969-жылдары Өзгөн районунда эмканада дарыгер, участкалык дарыгер жана райондук ооруканада дарыгер болуп иштеши менен эмгек чыйырын улантты. 1969—1980-жылдары Жалал-абад шаарында балдар ооруканасында, андан соң эмканасында башкы дарыгердин орун басары кызматтарында эмгектенди. 1980-жылы Турдукан Бакиеваны Жалал-Абад шаарындагы балдардын санаториясына башкы дарыгерликке которушту. Дал ушул кызматта бүгүнкү күнгө чейин жигердүү иштеп келет.

Балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү бул санатория тууралуу учкай сөз. Бул мекеме 1964-жылы азыркы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ордунда чакан жайда бар болгону 50 койка менен 1964-жылы негизделген. 1977-жылы азыркы жайына көчүрүлгөн. Анда да бар болгону 50 койка орундуу болучу. Турдукан Бакиева башкы дарыгер болуп иштей баштагандан тартып, жаңы имарат куруунун аракетин көрдү. Натыйжада 1982-жылы 3 кабаттуу 120 орундуу санаториянын курулушу башталып, бир жылдан соң дарылоо бөлмөлөрү, бассейни жана башка ынгайлуу шарттары бар жаны жай пайдаланууга тапшырылды. 200 орундуу жаны ашкана курулду. Мындан тышкары мончо, жашылча-жемиштерди сактоочу, кир жуучу жана жылытуу жайлары курулду. Ал иштеген мезгилдин аралыгында санаторийдин материалдык-техникалык базасы да жакшырды.

Турдукан Бакиеванын үзүрдүү эмгеги бааланып, СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниктигине жетишти. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына жана республикабыздын «Саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген дарыгер» наамына татыктуу болду. Жүрөк, бут оорулары боюнча балдардын жогорку категориядагы дарыгери.