Алиев Бакирдин (10.10.1933, Жумгал району, Суусамыр айылы — 7. 04. 2014, Бишкек шаары) — Кыргыз Республикасынын эл артисти (1979).
1955-ж. Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн.
1955—62-ж. Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрында, 1994-жылдан Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында иштейт.
Алиев ар кыл мүнөздөгү ролдорду чебер аткарган артист катары белгилүү.
Аткарган ролдору: Токтогул (Б. Жакиев, "Миң кыял"), Тейитбек (К. Жантөшев, "Курманбек"), Хлестаков (Н. Гоголь, "Текшерүүчү"), Яго, Форд (У. Шекспир, "Отелло", "Виндзордук ойсокелер"), Акылбек (Б. Жакиев, "Атанын тагдыры"), Плетнов (Н. Анкилов, "Жоокердин жесири"), хандын ролу (Б. Үсөнкулов, "Карагайлуу булак"), Гани-бай-аке (Сайд Ахмат), Инзин (Б. Өмүралиев, "Найман эне"), Барпы (М. Борбугулов, "Барпы") жана башка.
"Махабат жаңырыгы", "Уркуя", "Айсулуунун талаасы", "Мен — Тянь-Шань", "Эски тегирмен", "Ээн калган өрөөн" фильмдерине тартылган. Медалдар менен сыйланган.

Алиев Бакирдин кинотасмадан

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Бакирдин Алиев, КРнын Эл артисти:"Кожомкул балбандын кубаттуу сөздөрү дале көңүлүмдө…" Archived 2017-06-23 at the Wayback Machine
Бакирдин Алиев, КРнын эл артисти: "Не деген сонун образдарды ачып берерде көзүм көрбөй…" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine