Насипбек Бакиров

Насип Бакиров Бакирович (7. 9. 1936) Ак-Башат Айылда төрөлгөн. Чүй облусунун Москва районунун . - кыргыз географы.
Бакиров Насипбек‎»‎ барагынан багытталды)

Бакиров Насипбек - (7.9.1936, Чүй облусу, Москва району, Акбашат кыштагы 28.11.2003, Бишкек) география илимдеринин кандидаты (1974), профессор (2002). 1958-ж. КМУнун география факультетин бүткөн. 1958-63-ж. мектепте мугалим, 1967-жылдан КМУнун география факультетинин окутуучусу, 1984-жылдан кафедра башчысы, профессору болуп эмгектенген. Бакиров экономика жана социалдык география боюнча адис, 150дөн ашуун илимий жана методикалык эмгектердин, анын ичинде 4 монографиянын, 4 окуу китебинин автору. «Кыргыз Республикасынын географиясы» окуу китеби үчүн (авторлош) КРдин Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон (2000).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4