Бактерия кармагыч - абадагы микроорганизмдердин санын аныктоочу аспап.

Абаны текшерүүдө колдонуучу методдор экиге бөлүнөт. Седименттик - абадагы микробдордун өстүрүлө турган табактын үстүнө түшүшүнө негизделген. Бул ыкма турак-жайлардагы, мал сарайлардагы абаны текшерүүдө колдонулат. Аспирациялык - изилдеп турган абаны сордуруп алып, микробдорду өстүрө турган табак аркылуу өткөрүүгө негизделген. Бул ыкма менен ар бир кубометр абадагы микробдордун санын так эсептөөгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.