• 90-сүрө

Балад сүрөсү (1) ШаарОңдоо

  • Меккеде түшүрүлгөн. 20 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Ушул шаарга (2) Меккеге ант!
  • 2. Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.
  • 3. (Адам)-Атага жана урпактарга ант!
  • 4. Биз инсанды машакатка жараттык. (3)
  • 5. (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?
  • 6. Ал "эсепсиз мал-дүйнө короттум" дейт.
  • 7. Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?
  • 8. Биз ага эки көз бербедикпи?!
  • 9. Тил жана эки эрин бербедикпи?!
  • 10. Жана Биз аны эки жолго багыттадык (4) жакшы жана жаман
  • 11. Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.
  • 12. (О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.
  • 13. (Оор жол - бул) кул азат кылуу
  • 14. же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү-
  • 15. тууганчылыгы бар жетимге.
  • 16. Же чаңга буланган кедейге
  • 17. Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,
  • 18. Дал ошолор оң тарап ээлери!
  • 19. Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери. (5)
  • 20. Аларды ар жактан от каптап алган.