Баластан - (кыргызчадан “бала” - бала, фарс тилинен “стан” - өлкө ) балдардын өлкөсү маанисине келет.
Негиздөөчүсү - Жаныбек Абидетегин;
Адистешкен багыты  -  балдар журналы;
Мезгилдүүлүк  -  ай сайын, жылына 10 жолу чыгат (Теке жана баш оона айларынан сырткры);
Журнал тили   -    кыргызча;
Башкы  редактор     -   Жаныбек Абидетегин;
Чыккан өлкөсү   -   Кыргыз Республикасы;
Негизделген   - 2013-жыл;
Басма   -     «Баластан» балдар журналы» ЖЧКсы
Веб-сайт     -      http://balastan.com/
Урааны  -   «Баластан-миллион баланын дүйнөсү»

Тарых түзөтүү

Журналды түзүп чыгуу идеясы жаш активист Жаныбек Абидетегинге таандык болгон.  “Дилазык” басма үйүндө иштеген редактор өз идеясын ишке ашыруу үчүн алгач демо версиясын иштеп чыккан.  Жетекчилерин ынандаргандан кийин толук кандуу журнал чыгаруу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, эксперимент иретинде китепчелер даярдалган. Ошентип балдар үчүн «Баластан-1», «Баластан-2», «Баластан-3» пайда болгон.  Талыкпас эмгектин арты менен журнал 2014 -жылы толук кандуу эки айда ьир чыккан  журнал болуп,  2015 -жылдан тарта ай сайын жана 2016 -жылдан тарта “Баластан” интерактив” журналы деген жаңы статус менен чыга баштаган.

Биринчи басылманы Жаныбек Абидетегин даярдап, дизайнын Руслан Арунов жасаган. Ал учурда кыргызча кичинекей бадар үчүн крыгыз тилиндеги маалымат булагынын аздыгынан кыргызча чыгаруу чечилген. Атын коердо; “Козучак”, Баластан”, “Бүчүр”, “Алтын муун” варианттарынын арасынан көп ойлонулуп анан тандалган.

Журналдын ар бир санында өзгөрүлтүлүп, ар дайым жакшыртканга аракет кылынган жана.  Журналдын мазмуну жана макалаларын Жаныбек Абидетегин,  Нурзат Бактыгул кызы жана Гүлзада Таалайбек кызы, дизайнын Руслан Арунов даярдаган. Мектептерге таратуу милдетин Машраб Абдужабборов аткарган.

Журналдын  бурулуш жылы - 2016-жыл болду. Ошол жылы “Баластан” инерактив журналы” аталып,  “BalastanTV”  YouTube каналы жана смартфон менен планшетке жүктөлүүчү тиркеме иштелип чыккан.

Проекттер түзөтүү

Баластан тиркемеси түзөтүү

Тиркеме төрткө  бөлүнгөн: Кыргызча алфавит,  кыргыз эл жомоктору, сүрөт менен сөздүк жана “Баластан” журналынын электондук варианты.  Тиркеме замандын талабы менен балдарды окууга тартуу  жана кызыктуу маалымат тартуу максатында иштелип чыккан.

Balastan TV түзөтүү

Журналдын официалдуу Ютубдагы каналы. Ал жерде журналдын рубрикаларына жарыяланган материалдардын аудио, видеолору жана журналдын иш-чараларына  тийиштүү маалыматтар жарияланган.

“Баластан” билим берүү лагери түзөтүү

Журнал 2016-жылдан баштап лагер өткөрө баштаган.  

Лагердин максаты: Балдарга эс алуу менен билим алууну бирге алып кетүүнү үйрөтүү.

“Баластан билим берүү лагери” Бишкек шаарындагы “Вефа” соода борборунда, күн сайын,  саат 9.00дон 16.00го чейин уюштурулган. Тарбиячылар логикалык оюндарды ойноп, менталдык арифметиканы үйрөнүшчү.  Булар менен катар белилүү коноктор келип, балдарга жомок окуп беришчү. Коноктор Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров, Кыргыз Республикасындагы музейлер куратору  Гульбара Абдыкалыкова, Асылбек Жоодонбеков ж.б. келген.

Кийинчирээк Ысык - Көлдө болгон 5 күндүк, 2 агымдан турган лагер уюштурула баштаган. Алгач ар бир агымда 8 бала катышкан. Программасында эс алуу жана билим алуу бар - жомоктор, логикалык оюндар, менталдык арифметика, англис или сабактары, спорт оюндары ж.б. кызыктуу нерселер.  Ал эми 2018 - жылы Нурзат Токтосунованын “Нур Академиясы” менен биргеликте өткөрүлгөн жана ага 50дөн ашык бала катышкан.

Иш-чаралар түзөтүү

Дилбаян жана сүрөт тартуу таймашы түзөтүү

“Баластан” журналы 2015-жылдан тарта 1-июнь балдар күнүнө карата жалпы респубика боюнча дилбаян жана сүрөт тартуу таймашы өткөрүлгөн.

2015-жыл. Таймаштын темасы  “Менин кесибим-менин келечегим”. Таймаш биринчиден алтынчы класска чейин окуган балдар арасында өткөрүлгөн.

Таймаш 2017- жылы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Мен адептүү окуучумун” темасында өткөрүлгөн.

Баластан GO иш-чарасы түзөтүү

Иш-чаранын максаты: Бишкек шаарынын тургундарын журнал менен тааныштыруу жана пландары, жетишкендиктери менен бөлүшүү. Иш-чарада курчак театры, “Ак Шоола” балдар хору жана белгилүү артисттер менен балдар концерт беришкен.  

Баластан сыйлыгы 2017 түзөтүү

Иш-чара балдардын билим алуусуна салым кошкон инсандарды сыйлоо:

  1. Эң мыкты балдар акыны - Каныбек Жунушов;
  2. Эң мыкты балдар жазуучусу - Сулайман Рысбаев;
  3. Эң мыкты балдар коомдук ишмери - Роза Отунбаева;

Баластан кербени түзөтүү

Кыргыз Республикасынын аймктарын кыдырып “Баластан” журналы менен тааныштыруу. Натыйжада Балыкчы, Баткен, Жалал-Абад,  Нарын, Ош жерлерине барып журналдар  таратылган.

Китептер жана комикстер түзөтүү

“Баластан” журналы 2017- жылы биринчи болуп кыргз тилиндеги “Апендинин жоруктары” комиксин чыгарган.  Комиксте Апендинин күлкүлүү жана үлгүлүү окуялары баяндалган.

Андан кийин  “Боёмо” жана “Илбирс” китептери чыккан.

“Баластан”интерактив журналынын негизделгенден баштап иштеген кызматкерлери:  

Жаныбек Абидетегин- директор;
Нурзат Бактыгул кызы- жооптуу  редактор;
Мээрим Айтиева - жооптуу  редактор;
Адамата Алишеров - сүрөтчү;
Нурлан Саргалдаев- дизайнер;
Элнур Исаков-дизайнер;
Машраб Абдыжапаров - сатуу менеджери;
Рахат Кыштобаева - сатуу менеджери;
Ринат  Макишов – сатуу менеджери;
Айзада Абакирова - pr-менеджер;

Азыркы тапта журнал ай сайын, жылына 10 жолу (Теке жана баш оона айларынан сырткры) чыгып келет. Редакциянын жаңы командасы:

Жаныбек Абидетегин - директор жана башкы редактор;
Адамата Алишеров - сүөтчү жана жооптуу редактор;
Роза Таалайбек кызы - журналист;
Каныбек Абидетегин - сатуу менеджери.

Шилтемелер түзөтүү