Балбекин, Александр Романович


Балбекин Александр Романович - балдар жазуучусу, драматург, актер.

Балбекин Александр Романович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Балбекин Александр Романович
Туулган жылы: 1943-жылы 1-октябрь
Туулган жери: Мельгун айылы, Мордва району, Тамбов облусу
Өлкө: Орусия
Каза болгон жылы: 4-январь, 2014-жыл.
Каза болгон жери: Кыргызстан, Бишкек шаары.
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Жазуучу, драматург, актер

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Александр Балбекин 1943-жылы 1-октябрда Тамбов облусунун Мордва районунун Мельгун айылында туулган.
1961-жылы Алма-Атадагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Алма-Ата жаш көрүүчүлөр театрынын көмөкчү курамына кабыл алынат.
1962-жылы Тамбов облустук театрына караштуу МХАТ студиясына сырттан окууга өтүп, жана 1965-жылга чейин окуу менен актерлук ишмердүүлүктү бирге алып жүрөт.
1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Н.К.Крупская атындагы орус драма театрында,
1969–1974-жж. А.С.Пушкин атындагы Красноярск драма театрында иштейт.
1974-жылдан кайрадан Н.К.Крупская атындагы драма театрында иштеп,
«Рампа» Кыргызстандын артисттерине көмөк көрсөтүү фондусун жетектейт.
Балбекин театрлар үчүн пьесаларды, балдар үчүн китептерди жана роман жазган.
Анын «Сүйүү жөнүндө үч новелла» деген пьесасы 1996-жылы Н.К.Крупская атындагы орус драма театрында коюлган.
1994–1995-жж. «Түштүк курьери» гезитинде «Ал аны сүйгөн» романы жарык көргөн.
1980–1984-жж. Пицундада (Грузия), Ереванда Армения, Пярнуда Эстония Розов, Мирошниченко, Варфоломеев, Т.Абдумомуновдордун жетекчилиги астында Республикалык чыгармачылык үйүндө драматургия боюнча адабий семинарларга катышкан.
1996-жылы Долбоорлорду иштеп чыгуу жана менеджмент боюнча курсту (ЮСАИД) аяктаган.
Өзүнүн пьесасы боюнча «Батуттагы жомоктор» спектакли менен Санкт-Петербург шаарында Эл аралык эркин искусство фестивалына катышкан.
1990-жылдан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Орус тилинде түзөтүү

  • Про Топа и про Типа. Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1981. – 17 с.
  • Про Топа и про Типа. Сказка. – Ф.: Мектеп, 1981. – 19 с.
  • Приключения Букваренка. Повесть-сказка. – Ф.: Мектеп, 1986. – 48 с.
  • Незамеченные слезы. Рассказы, повести. – Б.: Адабият, 1986.– 48 с.
  • Он ее любил.Роман. – Б.: Южный курьер, 1987–1988. – 96 с.

Пьесалары түзөтүү

  • Три новеллы о любви. – 1996.
  • Август – время отпусков. –1997.
  • Лифт. –1997.
  • Фантазия, любовь, бананы. – 1998.
  • Фрески из книги царств. – 1999.
  • Калейдоскоп.– 2000.

‏‎‏‎