Балтыркан заказниги - Чаткал кырка тоосунун түштүк капталындагы токою корулуучу аймак. Авлетим суусунун өрөөнүндө. Аянты 304 га. Корук. 1975-ж. Аксы районунун аймагында (Авлетим токой чарбасында) Теңир-Тоонун эндемиги болгон көк карагай токоюн сактоо максатында уюшулган. Мында көк карагайдан башка теңиртоо карагайы, жаңгак, акчечек, алма, алча, шилби, табылгы, четин ж. б. өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4