Балык уну - кургатылган балык же балык азык калдыктарынан майдаланып (тартылып) даярдалган тоют. Балык унунда протеин (60% ке чейин), кальций, фосфор, А, Д, В витаминдери көп. Анын сапаты майлуулугуна жараша болот. Өтө майлуу (18% тен ашык) балык уну көпкө сакталбайт, аны жеген малдын эти менен сүтү балык жыттанып калат. Анда 47% протеин, 18% ке чейин май, 5% кайнатма туз, 30% фосфор кычкыл кальций болот. Балык уну негизинен музоо, чочко, тоок, уйга берилип, аралаш тоюттун баалуу кошулмасы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4