Бальнеотерапия — (лат. balneum — чөмүлмө, сууга түшүү + грек. therapeia дарылоо) табигый жана жасалма жол менен даярдалган минералдуу сууларды дарылоо жана алдын алуу максатында пайдалануу. Бальнеотерапияда минералдуу суулар түшүү (ванна, душ, бассейн) жана ичүү, ошондой эле оозду чайкоо, ингаляция, карынды жана ичегилерди жууш үчүн сунуш кылынат. Минералдуу суулар составында көмүр кычкыл газ, күкүрттүү суутек, азот, тез ажыроочу радиоактивдүү заттар (радон), туздар болгондуктан дарылык касиетке ээ. Андан башка факторлордун (температуралык, механикалык) да мааниси бар.

Минералдуу чөмүлмө жүрөк менен кан тамырдын жана нерв системасынын ишин, зат алмашууну, ички секреция безинин ишин жакшыртат. Жалпы жана жергиликтүү ванна жүрөк-кан тамыр, таяныч-кыймыл аппаратынын (муун, байламта, булчуң), нерв системасынын, гинекологиялык ооруларында жана башка пайдаланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдөйүнүн, карындын былжыр челинин рецепторлоруна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат. Минералдуу суулар өттүн пайда болушун жана бөлүнүшүн тездетип, зат алмашууга таасир тийгизет. Бальнеотерапияны докдур сунуш кылат, баткак менен дарылоо жана климатотерапия, диетотерапия жана башка комплекстүү дарылоо методдору менен айкалыштырылат. Курорттор ошондой эле Чөмүлмөлөр, Минералдуу суулар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8