Бандура - украиндердин кылдуу чертме музыка аспабы. Мурда 12-25, кийин 40-50 кыл тартылат. Плектр менен ойнолот. Диапазону кылдын санына жараша болот. 16-17-кдарда Украинага кеңири тараган. Элдик профессионал музыканттар Бандуранын коштоосунда дума айтышат, ыр ырдашат, күү чертишет. Украинада бандурачылардын мамлекеттик капелласы, профессионалдык жана өздүк көркөм чыглык ансамблдер, оркестрлер уюштурулган. Бандуранын өркүндөтүлгөн түрлөрү (прима Б., альт Б., бас Б., контрабас Б.) оркестрлерде ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4