Банка (калай кени) - калайдын чачынды кендеринин дүйнөдөгү ири тобу. Индонезиянын Түштүк Суматра провинциясында, Банка аралында жайгашкан. 16-кылымдан белгилүү; 1710-жылдан казып алынат. Геол. чалгындалган запасы 500 миң т га жакын. Калайдын негизги запасы негизинен деңиз жээктериндеги жана шельфтериндеги аллювий, элювий, жээк жана шельф чөкмөлөрүндө топтолгон. Калай минералдары топтолгон негизги чөкмө 0,2-2,0 м калындыктагы кум катмары. Ал касситериттүү (2-10 кг/м3) кварц сыныктары, турмалин, монацит, рутил, ильменит минералдарынан турат. Бул аймакта калайдын дагы 20дан ашуун кени бар, алар азырынча иштетилбейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4